Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 14-июну № 16
“Президенттин саясатын колдоо жана сүрѳѳ” коомдук фондунун ютуб каналына бир жылда бир 2000 сом акча каражатын бѳлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Президенттин саясатын колдоо жана сүрѳѳ” коомдук фондунун кайрылуусун угуп, талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн “Президенттин саясатын колдоо жана сүрѳѳ” коомдук
фондунун кайрылуусунун негизинде, “Эл жана бийлик” ютуб каналына бир жылда бир, жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 2000 сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Төрт-Күл айылдык
Кеңешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Шаршебаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Жунушалиев |