Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезексиз сессиясы
2020-жылдын 30-апрели № XXVIII / I
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл башына кирешенин калдыгынан калган акча каражаттан жол оңдоо үчүн 2215 статьясына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Жамангуловдун билдирүүсүн угуп Сары-Ой айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Айыл аймагындагы жайыт пайдалануу бирикмсине жол ондоп түзөөгө Сары-Ой айыл аймагынын жыл башына калдык кирешенин эсебинен (ГСМ) күйүүчү майлоочу майга статья 22154900кө 38 000 (отуз сегиз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатты мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Жамангуловго тапшырылсын.
Төрага: | Б.Кошалиев |