Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 88
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин шарттарынын негизинде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кызыл-Суу айылдык Кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин берген эсептөөлөрүн ар тараптан карап чыгып, талкуулап жана ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай турган акча каражаттарынын натыйжалуу пайдалануу максатында айылдык Кенештин 13-сессиясы
. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айылдык Кенешинин 28-чакырылышынын 8-сессиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №60 токтомунда каралган 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31113390 “Башка курулмалардын капиталдык ремонту” статьясындагы 3200000 сомдук, айылдык Кенештин 11-сессиясынын 2022-жылдын 25-мартындагы №72 токтомунда каралган 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31112210 “Башка өндүрүштүк имараттарды сатып алуу” статьясындагы 4675000 сомдук, баардыгы 7875000 (жети миллион сегиз жүз жетимиш беш мин) сомдук акча каражаты пайдаланылбай тургандыгын эске алып, бюджеттин акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында төмөндөгүдөй жумуштарга кайрадан бөлүштүрүп берилсин.
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма сом |
1 | Б.Ибраев көчөсүн реконструкциялоо жумуштарына | 70629 “ЖКХ” | 31113390 | 2104100 сом |
2 | Сырт өрөөнүндө чабандын үйүн, чөп сактоочу жайды жана короону салуу үчүн. | 70629 “ЖКХ” | 31113390 | 1341800 сом |
3 | Маданият үйүнүн Фойесине штор сатып берүүгө.
| 70823 | 31123290 | 54000 сом |
4 | Маданият үйүнүн утурумдук ремонтуна. | 70823 | 22211100 | 100000 сом |
5 | Маданият үйүнүн аймагындагы аянтты бетондоп түздөө иштерине, кошумча шагыл таш төгүү жумуштарына | 70823 | 31113390 | 170200 сом |
6 | Айыл өкмөтүнүн имаратынын ичине 2 (эки) скамейка сатып алууга. | 70111 | 31123290 | 10000 сом |
7 | Айыл өкмөтүнүн базасында республикалык семинар өткөрүүгө чыгымдар | 70111 | 22154900 | 202800 сом |
8 | Кичи Кызыл-Суу суусундагы табияттын кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга. | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 1340100 сом |
9 | Жаштар арасында спорт оюундарын өткөрүүгө кошумча акча каражаты | 70811 “Спорт” | 22154900 | 50000 сом |
10 | “Кызыл-Суу Тазалык” МИ кошумча жумуштары | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 1159500 сом |
11 | “Кызыл-Суу суу канал” МИ кошумча жумуштары жана лизингке алынган эксковатор үчүн кредит төлөмдөрүнө | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 998500 сом |
12 | “Агрозооветсервис” МИ жылкыларды идентификациядан өткөрүү чыгымдары | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 194400 сом |
13 | Ленин атындагы мектептин кашаларын жылдырууга жана имараттын тегерегин цементтөөгө | 70921 “СШ” | 31113390 | 149600 сом |
| Баардыгы: |
|
| 7875500 сом |
2.Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин Жети-Өгүз башкармалыгынын башчысы Н.Э.Алиевден бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө тиешелүү жылдырууларды жүргүзүп берүү жагы суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиеге тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |