Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 89
Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI-бөлүмүнүн “Бюджет аралык мамилелер”, 8-главасындагы “Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери”, 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айылдык кенешинин “Бюджет жана финансы маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевдин сунуштарын угуп жана талкуулап айылдык Кенештин 13-сессиясы
. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI- бөлүмүнүн “Бюджет аралык мамилелер”, 8-главасындагы “Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери”, 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 2022-жылдын 6-айынын жыйынтыгы менен кирешелердин чыгашалардан ашык түшкөн акча каражаттарын төмөнкү бөлүмдөргө каржылоо үчүн киреше бөлүмүнүн кошумча планын көбөйтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министирлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынан суралсын.
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма сом |
1 | Кирпичный айылына кичи футбол аянтчасын курууга айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы | 70811 “Спорт комплекс” | 31113390 | 1500,0 мин сом |
2 | Балыкчы-Каракол жолунун Кызыл-Суу айылына батыш жагынан кирүүчү жерге орнотулуп жаткан стеллага “Бугунун” монументалдык скульптурасын жана жазууларын даярдап орнотуу жумуштарына | 70629 “ЖКХ” | 31113390 | 450,0 мин сом |
3 | Московский участогундагы (РЭС) көпүрөгө керектүү темир-конструкциясын сатып алып орнотуу жумуштарына | 70629 “ЖКХ” | 31113390 | 1000,0 мин сом |
4 | Айыл өкмөтүнө караштуу топоздорду багып жаткан малчынын эмгек акысын “Агрозооветсервис” МИ аркылуу төлөп берүүгө 25000 х 2 мес = 50000 сом 31250 х 3 мес = 93750 сом 143750 сом Соц фондго төгүүлөр 143750 х 17,25 % = 24800 сом | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 168,5 мин |
5 | Кызыл-Суу “Тазалык” МИ лизингке алынган эксковатор үчүн кредит төлөмдөрүнө | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 631,3 мин сом |
Баардыгы айыл өкмөтү боюнча 3749,8 мин сом | ||||
2.КызылСуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбекого акча каражатын максаттуу чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |