Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 91
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн
Республикалык бюджеттен максатуу трансферт аркылуу келген
акча каражатын 2022-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максатуу трансферт аркылуу келген 556500 сомду максатуу түрдө пайдалануу максатында,айыл өкмөтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, талкуулап айылдык Кенештин 13-сессиясы
Токтом кылат.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн 556500 сом акча каражаты төмөндөгү жумуштарга чыгымдалсын, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөүгүн жогоруда көрсөтүлгөн 556500 сомго көбөйтүп берүү жагы суралсын (сметасы тиркелет).
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма, сом |
1 | “Наристе” балдар- бакчасынын жылуулук системасынын капиталдык ремонтун, от жагуучу жайын жана көмүр сактоочу кампасын куруу иштерин аягына чыгарууга кошумча акча каражаты | 70911 “Балд бакча | 31112390 | 400,0 мин сом |
2 | Жалгыз-өрүк айылындангы А.Рысмендеев мектебине кире бериш жерге танбур салууга | 70921 “Орто мектеп” | 31112390 | 94,0 мин сом |
3 | Айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай маданий массалык иш чараларды өткөрүүгө | 70823 “Маданият үйү” | 22154900 | 62,5 мин сом |
| Баардыгы |
|
| 556,5 мин сом |
2.Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде жогоруда аталган жумуштарды каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Иманалиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге тапшырылсын.