Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 92
Жети-Өгүз мамлекеттик архивине Кызыл-Суу айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү эски мончонун имаратын акысыз түрдө берүү жөнүндө
КызылСуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиедин сунушун карап чыгып, талкуулап Кызыл-Суу айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мурунку эски мончонун имаратын мамлекеттик архивине берүү боюнча айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө тиешелүү Алма-Ата көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган балансасынын баасы 225148 (эки жүз жыйырма беш мин бир жүз кырк сегиз) сомдук, Б №013173 каттоодон өткөн идентификациялык №2-02-10-1001-1402 кодундагы мурунку эски мончону райондук архив мекемесине баланстан баланска бекер өткөрүлүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |