Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 94
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси жокко чыккандыгына жана 2020-жылдын 15-июль айында №193 токтом менен түзүлгөн комиссия курамынын 50% алмашкандыгына байланыштуу Кызыл-Суу айылөкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссия курамын кайра карап чыгып, талкуулап жаны курам түзүү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси жокко чыккандыгына жана 2020-жылдын 15-июль айында №193 токтом менен түзүлгөн комиссия курамынын 50% алмашкандыгына байланыштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссия курамы төмөндөгү курамда кайра, жаны түзүлсүн:
· Ж.Кыдыев-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-комиссиянын төрагасы.
· Кадыралиев-айыл өкмөтүнүн жер адиси-комиссиянын катчысы.
· Н.Тулебаев-айыл өкмөтүнө караштуу “Агрозооветсервис” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.
· К.Давлетбаков-айыл өкмөтүнө караштуу “Жарык” МИ инженери- комиссиянын мүчөсү.
· Т.Сулаимбеков-айылдык кенешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· А.Абдраев-айылдык кенешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· А.Алиев-Жети-Өгүз райондук архитектура башкармалыгынын архитектору-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· А.Айтакунов-Жети-Өгүз РИИБдин КККнын ага МУУ милициянын капитаны- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· А.Адылбеков-Кызыл-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· Л.Курманкожоева- Кызыл-Суу айыл аймагынын аялдар кенешинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· Б. Омүралиев-Кызыл-Суу айыл аймагынын жаштар кенешинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.
· Т.Сулайманов- “Кызыл-Суу суу канал” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.
· Р.Кенебаев- Кызыл-Суу “Тазалык” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.
· К.Джакешов- айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси-комиссиянын мүчөсү.
· Б.Джылчиев-айыл өкмөтүнүн аскердик стол инспектору- комиссиянын мүчөсү.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |