Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 21-сентябры № 105
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү
бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын
Бюджеттик Кодексинин шарттарынын негизинде тиешелүү
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115 беренесинин 4 пунктуна ылайык жана Кызыл-Суу айылдык Кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилигинин, мектеп директорлорунун берген эсептөөлөрүн ар тараптан карап чыгып, талкуулап бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай турган акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында айылдык Кенешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Кызыл-Суу айылдык Кенешинин ХХVIII чакырылышынын 8-сессиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы №60 токтомуна каралган 70921 “Орто мектептер” бөлүмүнүн 31113390 “Башка курулмалардын капиталдык ремонту” статьясындагы 1085,1 мин сомдук, 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31113390 “Башка курулмалардын капиталдык ремонтунун статьясындагы 1300,0 мин сомдук” баардыгы 2385,1 мин сомдук акча каражаты пайдаланылбай тургандыгын эске алып, бюджеттин акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында төмөндөгүдөй жумуштарга кайрадан бөлүштүрүлүп берилсин.
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма сом |
1 | Кызыл-Суу Суу канал муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу түтүктөрүнүн ремонт иштерин жүргүзүүгө кошумча каражат бөлүп берүүгө | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 907,5 |
2 | Кызыл-Суу Жарык муниципалдык ишканасына түнкү жарыктардын ремонт иштерине, мектептерди, “Арча” бала бакчасын, Д.Токтомушев атындагы спорт комплексти кышкы от жагуу мезгилине даярдоо иштерине | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 442,0 |
3 | Кызыл-Суу Тазалык муниципалдык ишканасына муниципалдык заказды аткарууга кошумча акча каражаты | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 280,0 |
4 | Кызыл-Суу Пристань жолуна гравий төгүүгө | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 80,0 |
5 | “Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасына техникаларды күзгү айдап себүү иштерине даярдык көрүүгө көмөк көрсөтүүгө | 70629 “ЖКХ” | 22154900 | 60,0 |
6 | Кызыл-Суу айылынын спортсмендерин Турция республикасында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка барып келүүгө материалдык жардам берүүгө | 71092 “Социалдык жардам” | 27211500 | 90,1 |
7 | Гапаров мектебине кошумча окуу корпусунун проект-сметалык документтерин даярдоого жардам | 70921 “Орто мектеп” | 22154900 | 356,7 |
8 | Гапаров мектебинин ФОЙЕсинин ремонтуна көмөк көрсөтүүгө | 70921 “Орто мектеп” | 22211100 | 86,1 |
9 | Абдракманов мектебинин кошумча классына курулуш материалдырын, сыр жана башкаларды алууга | 70921 “Орто мектеп” | 22211100 | 82,7 |
Баардыгы 2385,1 | ||||
2.Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбекого сессиянын токтомунун негизинде 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджетин чыгымдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин Жети-Өгүз башкармалыгынын башчысы Н.Э.Алиевден бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө тиешелүү жылдырууларды жүргүзүп берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |