Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 15-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 108
Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI-бөлүмүнүн “Бюджет аралык мамилелер”, 8-главасындагы “Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери”, 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айылдык кенешинин “Бюджет жана финансы маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевдин сунуштарын угуп жана талкуулап айылдык Кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексининVI-бөлүмүнүн “Бюджет аралык мамилелер”, 8-главасындагы “Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери”, 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен кирешелердин чыгашалардан ашык түшкөн акча каражаттарын төмөнкү бөлүмдөргө каржылоо үчүн киреше жана чыгаша бөлүмүнүн кошумча планын көбөйтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынан суралсын.
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма, сом |
1 | “Арча” балдар бакчасынын жаны имарат салууга иш кагаздарын даярдоо иштерине.
| 70911 “Бала бакча” | 22154900 | 475000 |
2 | Орто мектептерге ар кандай проектилерди тартып келүүго проект сметалык жана архитектуралык иш кагаздарды даярдоо жана башка жумуштарга
| 70921 “Орто мектептер” | 22154900 | 815400 |
3 | Маданият үйүнө маданий массалык иш чараларды аткарууга | 70823 “Маданият үйү” | 22154900 | 150000 |
4 | Айыл өкмөтүнүн аппаратына командировка чыгымдарын көбөйтүп берүүгө | 70111 “Аппарат” | 2211 | 20000 |
5 | “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына тротуар тазалоочу атайын техника сатып алууга | 70629 “ЖЧХ” | 31121290 | 800000 |
6 | Айыл өкмөтүнүн ЖЧХ бөлүмүндө кошумча жумуштарды жүргүзүүгө | 70629 “ЖЧХ” | 22154900 | 3772700 |
7 | Айылдык китепкана кызматкерлеринин эмгек акысына | 70821 “Айылдык китепкана” | 2111 | 48500 |
8 | Айылдык китепкананын социалдык фондго чегерүүлөрү (17,25 %) | 70821 “Айылдык китепкана” | 2121 | 6700 |
9 | Маданият үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына | 70823 “Маданият үйү” | 2111 | 61400 |
10 | Маданият үйүнүн социалдык фондго чегерүүлөрү (17,25%) | 70823 “Маданият үйү” | 2121 | 10300 |
11 | Спорткомплекстин кызматкерлеринин эмгек акысына | 70811 “Спорт комплекс” | 2111 | 107100 |
12 | Спорткомплекстин социалдык фондго чегерүүлөрү (17,25%) | 70811 “Спорт комплекс” | 2121 | 19000 |
|
Баардыгы
|
|
| 6286100 |
2.Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбекого акча каражатын максаттуу чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асаналиевге тапшырылсын.