ТОРУ–АЙГЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр айыл кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 10
Кызыл-Өрүк айыл тургундарынын 29-март 2023-жылдагы жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өрүк айыл тургундарынын 29-март 2023-жылдагы Кызыл-Өрүк айылына Б.Миңжылкиевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү жыйынынын протоколун угуп, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өрүк айыл тургундарынын 29-март 2023-жылдагы Кызыл-Өрүк айылына Б.Миңжылкиевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү жыйынынын протоколу бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысы У.К.Керимбаевге милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| Э.Д. Эмилбекова |