ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын
2024-жылы 19-февралы №12
“Тепличное айылындагы аты жок көчөгө Хажиматов Сабиржандын атын коюу жөнүндө”
Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тепличное айылынын тургуну Хаджиматов Каримжандын жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, түндүк чыгыш тарабынан Теплица көчөсү менен, ал эми түштүк батыш тарабынан Көк-Арт дарыясы менен чектешкен аты жок көчөгө “Хажиматов Сабиржан”дын аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы Хаджиматов Каримжанга жүктөлсүн.
3. Хажиматов Сабиржандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.
4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |