Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын

 

2024-жылы 19-февралы №13

 

“Таш-Булак айыл аймагынын Типовой участогунун тургуну А.Мамадалиевдин короосунун жанындагы 0,0135га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Типовой участогунун тургуну А.Мамадалиевдин короосунун жанындагы 0,0135га жер аянты атайын депутаттык комиссиясынын, муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча сунуштамасынын негизинде макулдук берилсин.

 

2.     Таш-Булак айыл аймагынын Типовой участогунун тургуну А.Мамадалиевдин короосунун жанындагы 0,0135га жер тилкесин Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

3.     Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.

 

5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

.

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева