КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 12-июну № 19
Тоң районунун өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылындагы БСР толуп жараксыз абалга келгендиги белгиленип, “Коңур-Өлөң айылынын БСРин тазалоо иштери” долбоору “Тоң районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинен 500 000 сом өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
2. Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы “Бай-Серең” ИСКАКБсынын насосу жараксыз абалга келгендиги белгиленип, “Бай-Серең ИСКАКБсына насос сатып алуу” долбоору “Тоң районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинен 100 000 сом өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |