Редакцияот 21.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

 

2023-жылдын 21-августу № 20

Административдик аймактык реформа жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жылдагы №350 “Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 15.08.2023-ж. №318 тескемесин  ишке ашыруу максатында  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши  токтом кылат:

1. Тоң районунун Ак-Терек жана Көл-Төр айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймагын “Алагөз-Каба” же “Айдың-Көл” айыл аймагы деп атоо жагы сунушталсын жана анын борбору  Кара-Коо  айылында жайгашсын. 

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң районунун мамлекеттик администрациясына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова