Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 22

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон  жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражатын, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын акча каражатын бөлүү  боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.            Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражаттары:

 -  Чарба китептерин  алууга  70111 бөлүмү 2222 беренесинен 20000 сомду;

 - Айылдын ИСКАКБ ларына мектептер үчүн 70921 бөлүмү 2231 беренесине 20000 сом суу үчүн;

 -  Айыл өкмөтүнө суу киргизүүгө 70111 бөлүмү 2222 беренесинен 24000 сомду;

 - Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына 70911 бөлүмү 2224 беренесине 24000 сом көмүр алууга; 

 -  Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө 70111 бөлүмү 22154900 беренеси  30000 сом;

 - Көл-Төр айылынын таза суусуна насос алуу 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 30000 сом;

2. Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгын:

- Айылдардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга материалдар 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 254000 сом;

3. Бардык акча каражаты: 70921 бөлүмү  2231беренесине 20000 сом;

                                                70911 бөлүмү  2224 беренесине 24000 сом;

                                                70629 бөлүмү  2222 беренесине  284000 сом:

Бардык  акча каражаты: 328000  (үч жүз жыйырма сегиз миң) сом.

4. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон 74000 сом (жетимиш төрт мин)  сом акча каражаты жана  жер салыгынын 254000 сом акча каражаты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.

5. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова