Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 26

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, жер салыгынын экономдолгон бөлүгүн жана тендөөчү гранттын  каражатын    бөлүү жөнүндө

 

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын  экономдолгон акча каражатын жана теңдөөчү грантты  бөлүү  боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджеттин экономдолгон акча каражаттары:

 -   Сметаларды түзүү үчүн каралган акча каражатынан 80000сомду;

   - Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ  №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын айылдардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга бөлүнгөн  материалдардын  70629бөлүмү 22221200беренесинен  90775сомду;

   - Тендөөчү гранттын 70111бөлүмүнүн 2111беренесинен 47711сом;

 

    2.Бардык акча каражаты:

                70111бөлүмүнүн  2215 беренесинен 80000сомду 70823бөлүмүнүн   3111беренесине Дем берүүчү гранттын долбооруна кошумча каражатка;

                70111бөлүмүнүн  2111беренесинен 70823бөлүмүнүн 2121 беренесине 47711сомду;

                70629бөлүмүнүн   2222беренесинен экономдолгон 90775сомду 70111бөлүмүнүн 2215беренесине:

Бардыгы: 218486 сом (Эки жүз он сегиз миң төрт жүз сексен алты.)

    3.Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын  экономдолгон акча каражатын жана теңдөөчү грантты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана  бекитилсин.

     4. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова