ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын
2024-жылы 19-февралы №16
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Жаңы-Арал участкасындагы Балтагулов көчөсүнүн тургуну Капарова Миргүл Абдыжапаровнанын убактылуу ижарага көрктөндүрүү үчүн алган жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, Капарова Миргүл Абдыжапаровнанын жазган арызынын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовдун 2024-жылдын 9-февралындагы №01-18/168 сандуу сунушунун негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 19.02.2024-жылдагы кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагынын Жаңы-Арал участкасынын тургуну Капарова Миргүл Абдыжапаровнанын убактылуу ижарага көрктөндүрүү үчүн жалпы аянты 300м2 идентификациялык код номер 3-05-12-1003-1820 жер тилкесин «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Капарова Миргүл убактылуу ижарага алган 300,0м2 (үч жүз) чарчы метр жер аянты 2024-жылдан 2031-жылга чейин 7 (жети) жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилген жерге жеңил конструкция менен ишкердик жүргүзүү үчүн аренда акыларын мыйзам негизинде эсептетип, келишим түзүү жагы айыл өкмөттүн ижара бухгалтерине жана ФЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды тактап, максаттуу пайдаланууну камсыздоо жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыздоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |