КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 29
Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин калган каражатын жана бала бакчанын атайын эсебинин жыл башында пайдаланылбай калган бөлүгүн бөлүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин калган бөлүгүн жанабала бакчанын атайын эсебинин жыл башында пайдаланылбай калган каражатын бөлүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинде каралган акча каражатын:
- Крематор алууга 70629бөлүмүнүн 31113290беренесиндеги 300 000сом - АРИС долбоору менен ишке кирген Коңур-Өлөн айылындагы К.Иманалиев орто мектебинин сыртын жылуулоо иштерине жылдырылып берилсин.
2. Бала бакчанын атайын эсептеги жыл башындагы 3030сом акча каражатын 70911бөлүмүнүн 2222 беренесине;
Бардык акча каражаты:
70921 бөлүмүнүн 3111 беренесине 300000сомду
70911 бөлүмүнүн 2222 беренесине 3030сом
Бардыгы: 303030сом (үч жүз үч миң отуз сом.)
3. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин пайдаланылбай калган 303030сом акча каражаты айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.
4. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |