Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 66
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышы үчүн бекитилген иштөө Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө № 123 Мыйзамынын 34-берененин 9-пунктуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 23-декабрдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышы үчүн бекитилген иштөө Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышы үчүн түзөтүүлөр менен сунушталып жаткан Регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет)
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясына/Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага |
| А.Аширов |