Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы

 

2023-жылдын 3-февраль № 126

Шор-Булак айылындагы көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Шор-Булак айылындагы көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча Ж.Орускожоевдун билдирүүсүн жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитеттинин    30.01.2023-жылдагы протоколунун корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Абдразаков Шайхидиндин ысымы Шор-Булак айылындагы Балыкчы- Каракол автожолу өткөн чоң көчөгө ыйгарылгандыгына байланыштуу, мурда Ш. Абдразаковдун атын алып жүргөн (Н.Сырдыбаевден Т.Ботокановдун турак үйүнө чейинки) көчөнүн аталышы жокко чыгарылсын.

2. Мурунку Абдразаков Шайхидин атындагы көчөнүн аталышы өзгөртүлүп (Н.Сырдыбаевден Т.Ботокановдун турак үйүнө чейинки) Жаамбай Абдразаков атындагы көчө деп аталсын.  

3. Мурунку Абдразаков Шайхидин атындагы көчөнүн аталышын өзгөртүп (Н.Сырдыбаевден Т.Ботокановдун турак үйүнө чейинки), аны Жаамбай Абдразаков атындагы көчө деп каттоо жагы, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Тоң филиалынан суралсын.

4. Аталган көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, табличкаларды илүү, көчөнүн тазалыгына, ирээтине  көз салуу жана жарыктандырууну кою, көчөнүн атынын өзгөргөндүгү боюнча көчөнүн тургундарына маалымат жеткирүү жагы Жаамбай Абдразаковдун бир тууганы Абдразаков Жыргалбайга  милдеттендирилсин. 

5. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №126 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

А.Жолалиев

 

 

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.