УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 3-февраль № 122
Шор-Булак айылындагы эски мектептин парк участогун муниципалдык менчикке берүү жөнүндө
Шор-Булак айылындагы эски мектептин парк участогун муниципалдык менчикке берүү жөнүндө К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шор-Булак айылындагы эски мектептин парк участогун муниципалдык менчикке берилсин.
2. Шор-Булак айылындагы эски мектептин парк участогун муниципалдык менчикке берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №122 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |