Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-августу № 443
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эмгекке дем берүү, сиңирген эмгеги үчүн сыйлоо жолу менен кадрдык потенциалды сактоо жана күчөтүү, ошондой эле жол берилген каталарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги тексттин 9-пунктунун экинчи абзацындагы "юстиция министирлигинин алдындагы пробация" деген сөздөр "Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 101, 102-пунктчалар менен толукталсын:
"101) Кыргыз Республикасынын юстиция министрине Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет;
102) белгиленген тартипте Департаменттин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |