Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы

 

2023-жылдын 3-февраль № 124

Кара-Талаа айылынын тургуну А.Абдырахмановдун кайрылуусу жөнүндө

 

Кара-Талаа айылынын тургуну А.Абдырахмановдун кайрылуусу боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин    корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Талаа айылынын тургуну А.Абдырахмановдун Чат участогундагы жеринин 0,02 гасына жеңил конструкцияда бакчачынын үйүн салууга макулдук берилсин .

2. А.Абдырахмановдун Чат участогундагы жеринин 0,02 гасына жеңил конструкцияда бакчачынын үйүн салууга тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү  жагы жер ээсине милдеттендирилсин. 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №124 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

А.Жолалиев