Редакцияот 07.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 7-августу № 4/5

Ар түрдүү маселелер «Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тиллабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү старттык баасы 5000 сом, ал эми кадамы 1000 сомдон, кепилдик төлөмү 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова