ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 5/3
Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин жана аялдар кенешинин 2021-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Ормонованын жана аялдар кенишинин төрайымы П.Мавлянованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин 2021-жылдын 9 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленип, аялдар кенешинин төрайымы сессияга катышпагандыктан бул маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрайымы |
А.Ормонова |