ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 5/4
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы СООВП “Абзел”, “Султан-Наз”. “Сарай-Суу” СПАларынын жана “Жоош” тазалык ишканаларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Абзел” СООВП, “Султан-Наз”, Сарай-Суу” СПАларынын жана “Жоош” тазалык ишканасынын жетекчилеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Абзел” СООВПнын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Султан-Наз” СПАсынын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сарай-Суу” СПАсынын жетекчиси сессияга катышпагандыктан бул маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын.
4. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Жоош” тазалык ишканасынын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрайымы |
А.Ормонова |