Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 85
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA -1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомун “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Ош ЖЧЭТнын директорунун 02.03.2020-жыл №01-13-3/231 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.03.2020-жылдагы №01-26/703 жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 05.03.2020-жылдагы №1-17/02-393, 02.03.2020-жылдагы №1-17/02-367 сандуу каттарын аткаруу максатында, кеңештин алдындагы атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралган маселени карап, талкуулап чыгып, Алга айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн аймагына “CASA -1000” жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн мамлекеттик менчиктеги №1224, 1226, 1194,1231,1172,1182,1000,1033,1039,1284,1273,1271,1054,1056,1236,1087,1245,1239 контурларындагы 0,6925 га жайыт турундогу, жана 0,0324 га айдоо сугат эсебиндеги мамлекеттик фондунун жер аянттары “Айыл чарба жерлер категориясынан” “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери ж.б багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. (экспликациясы тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш.Акбаров |