Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-1
““Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04- февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык, билим берүү, коргоо тармагына, экономикалык өсүп өнүгүүгө зор салым кошкон жана үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
• Чоноев Асилбек–Талаа-Булак айылынын тургуну, айыл активисти;
• Жунусов Абдыжалил– ардагер мугалим, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну;
• Кыдыралиев Мирлан- Сузак райондук аскер комиссариятынын куралдуу күчтөрүнүн кызматчысы, Ак-Баш айылынын тургуну;
• Матиев Максатбек-Кызыл-Туу айылдык кеңештин депутаты, Таштак айылынын тургуну
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |