Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Батыралиев Ринат-айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Абакиров Жаркынбек- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Анаркулова Касиет-Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин ардагер мугалими;
· Оскомбаева Садакуль- Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
· Абдуллаева Махбурат-Б.Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;
· Муратова Бурмакан- Таштак айылдык аялдар кеңешинин төрайымы;
· Бекназарова Назира- Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
· Жакыпова Роза- Б.Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;
· Мурзабаев Пусурманкул- Орто-Азия айылынын айыл башчысы
· Азимбаева Айнура- И.Стамкулов атындагы орто мектебинин директору;
· Мырзанбетов Кадырали- Х.Кенжаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими
· Нусубалиев Кеңешбек-“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун кызматкери
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |