Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-3
““Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыкты мугалими” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, №17-11 28-ноябрь 2023-жылы токтому менен менен бекитилген Кызыл-Туу айылдык Кенешинин “Мыкты мугалим” Жобосунун негизинде, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №63 Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери:
- Стамова Асымгуль- социалдык педагог, химия жана биология мугалимине;
- Аданова Бусайра-кыргыз тили жана адабияты мугалимине Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамы ыйгарылсын.
2. “Мыкты мугалим” ардактуу наамын алган мугалимдерге, бекитилген Жобонун негизинде төш белги, күбөлүк жана тиешелүү өлчөмдөгү акча каражатын тапшыруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы
М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |