Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-4
“Кызыл-Туу айыл аймагында “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык
ишканасын уюштуруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинини 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. Муниципалдык ишкана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Муниципалдык ишкананын аталышы мамлекеттик тилде “Кызыл-Туу кызмат” ишканасы, расмий тилде муниципальное предприятие “Кызыл-Туу кызмат” деп катталсын.
4. Мамлекеттик каттоого кеткен чыгым жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
5. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
6. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |