Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-5
““Кызыл-туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024 жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексиинин 115-беренесиинин негизинде ФЭБ башчысы Г. Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше бөлүгүнүн “14152600 КФБ жерлеринин ижара акысы” беренесинин 2-кварталынын 615, 8 миң сомго, 14211200 “Муниципалдык менчикте турган жайлардын имараттардын, курулмалардын жана техникалардын ижара акысы” беренесинен 169, 9 мин сомго, жалпы 785,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында сметанын чыгаша бөлүгүнүн ЖХК бөлүмүнүн 2-кварталынан Бахрейн-2 шаарчасынын курулуш иштерин бутүрүү үчүн курулушчулардын тамак-ашы алып берүүгө 2218 “Тамак –аш алуу” беренсинен 330, 0 миң сомго, 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 300,0 миң сомгокөбөйтүлсүн.
3. Билим берүү бөлүмүнүн 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесинен мектептерди страхованиеден өткөрүү үчүн 120,0 миң сомго, Жашасын-2 айылына курулган мектепке электр счетчик, электр жабдуулар кою үчун 35,7 үчүн миң сомго көбөйтүлсүн.
4. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы бөлүм башчысы Г. Нуруевага милдетендирилсин.
5. Бекитилген планга өзгөртүү киригизүү жагы Кыргыз Рспубликасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
6. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |