Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-6
“Кызыл-Туу айыл аймагынын аймактагы ички ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө”
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2,19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө “Мурөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө 09-апрель №1 протоколунун чечимине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө протоколдун негизинде “Мүрөк-Суу” СПАсынын кеңешинин кайрылуу өтүнүчү канааттандырылсын.
2. “Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчике кабыл алуу боюнча актысын түзүү, келишим түзүп аны мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүү жана мамлкеттик каттоо кызматында каттоодон өткөрүү жана ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |