Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-марты № 7
Күмүштак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын кабыл алуу жөнүндө.
Күмүштак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын карап чыгып, талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын II сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Күмүштак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (Устав тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышынын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| Бекитемин:____________________
Төрага: Мамыралиев А. Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышындагы депутаттарынын 2024-жылдын 6-мартындагы II сессиясынын №7 токтому менен бекитилген |
Күмүштак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы (КААБ).
1. Жалпы жоболор
Коомдук алдын алуу борбору мындан ары (КААБ)-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖОБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым калктуу конуштардын тиешелуу аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргузүүгү ЖӨӨБ менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү администратавдик аймакта түзулүүчү коммерциялык уюм эмес.
Уюмдун толук аталышы:
- Күмүштак айыл өкмөтүнүн «Коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси.
- расмий тилде Обшественное обьеденение «Общественно-профилактический центр»(ОПЦ) Күмүштакского айыл окмоту.
Уюмдун кыскартылган аталышы:
- Күмүштак айыл өкмөтүнун «КААБ » КБ . «ОПЦ» ОО
3. Коомдук алдын алуу борбору өз ишин «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө жана чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ушул уставка ылайык ишке ашырат.
4. КААБ юридикалык өз алдынча мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү менен штампы бар жак болуп саналат.
5. КААБ нун иши ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, инсанды урматтоо. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КААБнун юридикалык дареги: Күмүштак айыл аймагы, Ч. Сатаев көчөсү №143
7. КААБнын туруктуу иш алып баруучу органынын Кенешинин юридикалык дареги:
Күмүштак айыл аймагы , Ч. Сатаев көчөсү №143
2. КААБнун максаттары жана милдеттери
8. КААБнун максаты ЖООБнун жергиликтүү коомдоштуктун,жарандык коомдун,Арал айылында жашаган,менчигинин түрунө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга,аныктоого,бөгөт коюуга,аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу. жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КААБнун милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү.
- укутук билимдерди пропагандалоо.
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу,аларды жасоого мүмкундук берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын,эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу.
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышу.
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укутук актылардын долбоорлорун талкулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу.
- Күмүштак айыл өкмөтүнүн курамына кирүүчу айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү.
9. Кылмыштуулуктун алдын алуу , коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырат.
10. КААБнун ишинин артыкчылык багыттары болуп төмөнкүлөр белгиленет:
- жалпы алдын алууну (социалдык,экономикалык,саясий укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууга мыйзам бузууларга жол бербөө) камсыз кылуу.
3. КААБнын укуктары жана милдеттери:
12. КААБнун озүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЖӨБО органдарында жана мамлекеттик бийлик органдарында өз укугун, КААБнун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана билдирүүгө:
- КААБнун иши жөнүндө маалыматтарды жайылтууга:
- уставтын максаттарын ишке ашырууга тиешелуүү маселелер боюнча демилге которүүгө жана мамлекеттик, ЖӨБО бийлик органдарына сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө,КААБнун ишинин максаттарына шайкеш келген,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого:
- 1-май, Жон-Коргон, Кыргызстан жана Боо-Терек айылдарында жайгашкан ишкана мекемелердин жана комерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга:
- ЖӨБО нын жыйындарында,конференцияларда жана семинарларда КААБнун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө ички жана чет өлкөдөн инвестицияларды гранттарды жана башка трансферттерди тартууда укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга:
13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык принциптерин жана ченемдерин жана ушул уставда каралган ченемдерди сактоого:
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КААБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15.Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КААБдын Уставын сактоого;
- КААБдын ишине катышууга;
- КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КААБдын мүчөсү каза болгондо;
- КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КААБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КААБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда- 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 3 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КААБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык
көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо
жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КААБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө;
- КААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КААБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 3 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Күмүштак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешинин депутаттарынын жооптуу катчысы |
| Саткыналиева С.С. |