Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-7
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/307 14-май 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы И. Юлдашев атындагы көчөнүн № 85 үй менен жол аралыгындагы 56 м2 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Төрага: | Т.Джороев |