Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 88
Алга айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат маселеси жөнүндө
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому менен айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаты киргизилгендигине байланыштуу маселени угуп жана талкуулап, Алга айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому менен айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаты киргизилгендигине байланыштуу Алга айылдык кеңешине жооптуу катчы алынсын.
2. Жооптуу катчы кызматына атайын бекитилген штаттык расписаниеге негиз конкурстук негизде тандоо жолу менен алуу жагын уюштуруу Алга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Алга айылдык Кенешинин төрагасы: |
Ш. Акбаров. |