Редакцияот 02.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2023-жылдын 2-марты № 153

Түп  айыл өкмөтүнө  Кыргыз- Өзбек фондунан  атайын техникаларды алууга жана кошумча каржылоого макулдук берүү жөнүндө

Түп  айыл өкмөтүнө  Кыргыз- Өзбек фондунан  атайын техникаларды алууга жана кошумча каржылоо боюнча Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Түп айылдык  аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнүн зарылчылыгын белгилеп, Түп айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык коммуналдык ишканасынын материалдык базасын чыңдоо максатында, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  XIX-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Түп  айыл өкмөтүнө Кыргыз-Өзбек фондунан Түп айыл өкмөтүнүн алдындагы коммуналдык-тиричилик чарба ишканасына атайын техникаларды алууга макулдук берилсин.

2. Атайын техникаларды алуу үчүн кошумча каржылоого жергиликтүү

бюджеттин эсебинен 30-пайыздык акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун ишке ашырылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы  Чоркозов Э.А. милдеттендирилсин.

4.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Түп айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова