Редакцияот 02.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2023-жылдын 2-марты № 152

Түп  айылдык аймагынын Түп  айыл өкмөтүнө, Түп райондук   жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын  бөлдүрүү  жөнүндө

Түп айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү максатында, 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү програмассына ылайык,  күн  тартибиндеги Түп айылдык  айылдык аймагынын Туп айыл өкмөтүнө Түп райондук   жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын  бөлдүрүү  жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  XIX-сессиясы токтом кылат:

1.     Түп айылынын ички  көчөлөрүнө видеокамераларды орнотууга 500 000

сом  акча каражаты суралсын. (сметагы ылайык) 

2.     Түп айылынын  кире беришиндеги МАИ постунун имаратын ремонттого

жана сантехникалык монтаждоо жумуштарын аткарууга  710 000 сом акча каражаты суралсын.(сметага ылайык)

3.     Түп райондук ооруканасынын эски терапия бөлүмү бузулуп жаткандыгына

байланыштуу, анын ордун көрктөндүрүү жашылдандырууга, брусчатка орнотууга, скамейкаларды коюууга, жарыктандыруу иштерин аткарууга, дарбаза коюууга ж.б. иштерди аткарууга 1000 000 сом акча каражаты суралсын.(смета тиркелет)

4.     Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана жана ишке ашыруу жагы,

Түп айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А.  милдеттендирилсин.

  

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова