Редакцияот 12.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз III cессиясы

2018-жылдын 12-октябры № 3-1

Таш-Дөбө айыл аймагында “Акташ” атындагы муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

Таш-Дөбө айыл аймагында “Акташ” атындагы муниципалдык ишканасын түзүү максатында, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мойноков Алтынбектин сунушун угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл аймагында “Акташ” атында муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

 

2. Айылдык кеңештин сунушу менен Таш-Дөбө айыл аймагында “Акташ” атындагы муниципалдык ишканасынын башчысын дайындоо жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мойноков Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго тапшырылсын.

 

Төрага:

Мусаев М.