ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 144
Түп айылдык аймагынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Түп айылдык аймагынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин функцияларын жана милдеттердин тизмесин бекитүү тууралуу жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Түп айыл өкмөтүнүн башчысын угуп жана талкуулап, мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө сунушу боюнча Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп айыл өкмөтүнүн мал чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү
аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/ иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу,
кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
3. Түп айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 144 токтому
Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга тапшырылсын.
Тѳрайым А. О.Орозбекова