Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 93
Алга айыл аймагындагы жолдогу жарыктандыруунун иш кагаздарын бүтүрүү
Алга айыл аймагындагы ички жолдорго жарыктандыруунун иш кагаздарын бүтүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл аймагындагы ички жолдордогу эл жашабаган жерлерге орнотулуп жаткан жарыктандыруунун иш кагаздары бүткөрүлүп,айыл өкмотүнүн эсебинен электр энергиясын камсыздоо жагы колго алынсын.
2. Алга айыл аймагындагы ички жолдордогу эл жашабаган жерлерге орнотулуп жаткан жарыктандыруунун иш кагаздары бүткөрүүнү уюштуруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Алга айылдык Кенешинин төрагасы: |
Ш.Акбаров. |