Загрузка документа…
ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы
2022-жылдын 6-декабры № 131
Түп айылынын ичүүчү таза суусу” муниципалдык мекемесинин кардарларга сууну жеткирилүүсүн камсыз кылуу боюнча баалардын тарифтери жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги “Түп айылынын ичүүчү таза суусу” Түп айылынын муниципалдык мекеменин эсептөөлөрүнүн жана КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-көл облусттук бөлүмүнүн 2022 жылдын 27-октябрындагы № 35 буйругунун негизинде, айыл аймактагы кардарларга суунун жеткирилүүсүн камсыз кылуу боюнча баалардын тарифтери жөнүндөгү маселени карап, чыгып, талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы токтом кылат:
I.Түп айылынын ичүүчү таза суусу” мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтарынын баалардын прейскуранттары бекитилсин.
II.“Түп айылынын ичүүчү таза суусу” мекемесинин эсептөөлөрүнө ылайык жана берилген нормативдерди эске алуу менен;
1.менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелерден нормативдерге ылайык акы алынсын.
2.калк үчүн ар бир кожолукка 114,62 сом, ар бир адам үчүн 31,32 сом
алынсын
3.көчөдөгү суу түтүктөрүн колдонуучуларга 85,44 сом ар бир адам үчүн
10,97 сомдон тарифтер, жаңы суу системасы орнотулганга чейин бекитилсин.
IV. Жеке менчик үйлөргө жана мекемелерге суу түтүгүн туташтырууга көрсөтүлүүчү кызматтын акысы 3822 сом өлчөмүндө бекитилсин.
V. Түп айылынын ичүүчү таза суусу” мекемесинин суу түтүкчөлөрүнө зыян келтирген учурда жана өз билемдик кылып уруксаатсыз суу киргизип алгандарга комиссия тарабынан акт түзүлүп 15000 сом айып салынсын.
VI. Түп айылынын ичүүчү таза суусу мекемесине сууну пайдалангандыгы үчүн акча каражатын өз убагында төлөбөгөн жарандар үчүн катуу чаралар көрүлсүн жана борбордук суу түтүкчөсүнөн ажыратууга уруксаат берилсин.
VII. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркѳзов Э. А. жүктѳлсүн.
Тѳрайым А. О.Орозбекова