Загрузка документа…
ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы
2022-жылдын 6-декабры № 132
Түп айыл өкмөтүнүн Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлерге ай сайын алынуучу тарифинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Түп айыл өкмөтүнүн ТМКТЧ акыр-чикирлерди чыгарууну ирээтке келтирүү максатында, келишим менен алынган контейнерлерге, ай сайын алынуучу тарифинин өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы токтом кылат:
1.Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлерге ай сайын алынуучу тарифи 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
.
2.Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлер орнотулган кожолуктар менен жеке келишимдерди түзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул өлчөмдөгү акча каражатын төлөбөгөн кожолуктардан акыр-чикир чыгаруучу контейнерлерди алып салуу жагы каралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркѳзов Э. А. жүктѳлсүн.
Тѳрайым А. О.Орозбекова