Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 47
“Нур Телеком” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан байланыш антеннасын орнотуу үчүн ижарага суралып жаткан жер жөнүндө
Аң-ϴстөн айылындагы “Нур Телеком” ЖЧКсы тарабынан орнотулган байланыш антеннанын эскилиги жеткендигине байланыштуу, айылдын кырманынан жаңы антенна орнотууга “Нур Телеком” ЖЧКсына 2 жыл 11 ай мөөнөт менен 25 квадрат метр жер тилкесин ижарага берүү боюнча, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. “Нур Телеком” ЖЧКсы тарабынан байланыш антеннанын орнотууга Аң-ϴстөн айылынын кырманынан 25 квадрат метр жер тилкеси 2 жыл 11 айга ижарага берилсин.
2. Сцралып жаткан жер тилкенин мыйзамдуулугун кароо жана “Нур Телеком” ЖЧКсы менен келишимди түзүү айыл өкмөт башчысы М.Алиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Тыныбеков |