Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 48
“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотуу жөнүндө
“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан "Кумтөр Голд Компани” ишкансынын үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыз кылуу максатында оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн Ак-Дөбө айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүндөгү жайыт жерге темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга уруксат алуу боюнча “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомунун катынын негизинде жана ишкананын менеджери Т.Кайыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Сырт өрөөнүндөгү Ак-Дөбө айыл аймагына тиешелүү жайыт жери менен “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Жийдебаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Тыныбеков |