Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 69
Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 17-пунктуна, 2018-жылдын21-июндагы №01-8/21 токтому менен кабыл алынган Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна мындан мурда 2 жолку өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамынын 3-главасынын 11-беренесинин 2;3-пунктарына ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын жамааттарынын мүчөлөрүнө “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы №6-5 токтому менен бекитилген жобосу күчүн жоготту деп табылсын.
2. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жаңы редакциядагы жобосу кабыл алынсын (жобо тиркелет)
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтом шаар калкына, шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясына/Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага |
| А.Аширов |
|
| Тиркеме |
|
| Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIIIСессиясынын № 69 токтомуна |
Баткен шаарынын “Ардактууатуул” наамын ыйгаруунунтартибижөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
Бул, Жобо Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Баткен шаарынын “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү коомдоштуктун) –ЖКнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Шаардык кенештин токтому менен бекитилген. Ушул ЖОБОго ылайык шаардык кенештин төрөгасы тарабынан 31-августКыргызРеспубликасынын Эгемендүүлүк майрамына карата салтанаттуу түрдө шаардык Кеңештин сессиясында же/ салтанаттуу коомчулуктун жыйынында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары –шаардык кеңеш, шаардык мэрия,мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары, АТО башчылары ээ болот.
1.4 “Баткен шаарынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү коомдоштуктун эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Баткен шаардык кеңешинин чечими менен берилет
1.5 “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтери такталгандан кийин, өзүнүн официалдуу сайтында же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыялайт. Андан кийин шаар мэринин сунушу менен талапкерлерди тиешелүү документтерин кошо шаардык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Баткеншаарынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери шаардыкКеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 3 адамга гана ыйгарылат.
II. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Баткеншаарынынсоциалдык-экономикалыкөнүгүшүнөкөпжылдар бою чоңсалымкошуп, мамлекеттикжогоркусыйлыктаргататыктууболгон, шаардын ар кандайтармактарындаэмгектенгенинсандарга;
2.2 Баткеншаарынынөсүпөнүгүшүүчүн, элдинжашоо-шартынжакшыртуудаөзгөчөлөнгөнийгиликтергежетишкенКыргызРеспубликасынынЖогоркуКеңешининдепутаттарына;
2.3 Шааргаинвестициялардыалыпкелип, чоңкурулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
2.4. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине иштеп жаткан мезгилинде бул наам ыйгарылбайт.
-Мамлекеттик, муниципалдык кызматтын, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин “Ардактуу атуул” наамына сунуштоо алардын кызматынан бошогондон кийин жүргүзүлөт.
III. Шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Баткен шаарынын Ардактуу атуулу» деген Ардак Грамота, күбөлүк, лента жана төш белгиси ыйгарылат.
- “Баткен шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган учурда бир жолку материалдык акчалай сыйлык менен сыйланышат. Акчалай сыйлык 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
3.2 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 “Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Баткен шаардык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.4 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
• талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде“Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
IV. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы Төмөндөгүдөй учурларда шаардык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Баткен шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Жооптуу катчысы |
| Алдашова Ж.М. |