Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 70
Баткен шаарынын Келечек АТОсунун Абдувалиева көчөсүнө Улуттук дем берүүчү каражаттын эсебинен оңдоп-түзөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу № 230 токтомунун негизинде Баткен шаарынын аймагында 2023-жылдын иш чараларынын алкагында ишке ашыруу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. “Баткен шаарынын Г.Абдувалиева көчөсүнө сугат ноолорун орнотуужанатротуаркуруу” долбоору;
долбоордун жалпы наркы 3 907 937 сом,
өздүк суммасы же тартылган каражаттар 1 172 381 сом,
үлүштүк (демберүүчү) гранттарга муктаждык 2 735 556 сом,
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Аширов |