Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V cессиясы
2019-жылдын 26-декабры № V-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы Сүйүмбаев айылдык Кеңештин кезектеги I сессиясынын № 1-1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жана Республикалык бюджеттен келген дем берүүчү максаттык транферттер суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бекитилген бюджетини сметасынан төмөндөгү статьялар боюнча жылдырылсын:
а) Мамлекеттик кызмат тармагынан 2221-43,8 миң сом, 2224-27,4 миң сом, 2231-20,0 миң сом, 3112-483,6 миң сом жалпы 574,8 миң сом статьяларынан алынып, ушул тармактын 2223-15,0 миң сом, 3111-559,8 миң сом жалпы 574,8 миң сом жылдырылсын..
2. Республикалык бюджеттен келген дем берүүчү максаттык транферттер суммасы болгон 416,7 миң сом төмөндөгү максаттарга бөлүштүрүлсүн:
а) Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу статьясына16,0 миң сом,(2020-жылдагы эл жана турак жай каттоого даярдык көрүүгө үй номурлары жана көчөнүн аты жазылган табличкаларды, банерлерди ж.б. сатып алуу үчүн);
б) Кызматтык жеңил автоунаа алуу үчүн 350,0 миң сом;
в) Машиналар жана жабдууларды алуу үчүн 50,7 (компьютер, түстүү принтер ж.б.)
3. 2019-жылдагы бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө толуктоо жана өзгөртүп бекитүүдө, Республикалык бюджеттен келген дем берүүчү максаттык трансферттер суммасын бөлүштүрүүдө, айтылган сын сунуштардан мүмкүнчүлүккө жараша тыянак чыгарып, өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго, башкы бухгалтер К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Мусаев |