Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 22-сентябры № 52
Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын
өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №284 Жарлыгын жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы чечими менен бекитилген нускаманын жана календардык планын аткаруу максатында Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
• Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик Курултайы 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына чакыртылганы эске алынсын жана биринчи Элдик Курултайга айыл аймагы боюнча эки делегат шайлана тургандыгы белгиленсин.
• Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10-00дө Тилекмат маданият үйүндө өткөрүлсүн.
• Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайына айыл элинин санына жараша 50 делегат анын ичинен Тилекмат айылынан 21 делегат, Ак-Дөбө айылынан 12 делегат, Аң-ϴстөн айылынын 12 делегат, Мундуз айылынан 5 делегат шайланаары белгиленсин.
• Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
• Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу 11 адамдан түзүлсүн жана курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
• Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Тыныбеков |
№1тиркеме
Ак-Дөбө айылдык кенешинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы
№ 52- токтому менен бекитилди
Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги
№ | Айылдардын аталышы | Чогулуш-тун өтүүчү жери | Датасы жана убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | жооптуулар |
1 | Тилекмат айылы | Тилекмат айылынын мадият үйү | 18.10.2022 Саат 10-00 | 3345 | 21 | Калыков Н. Токтомушов А. Темирбеков Т |
2 | Аң-ϴстөн айылы | Аң-ϴстөн айылынын мадият үйү | 19.10.2022 Саат 15-00 | 1990 | 12 | Казакбаев У. Бегалиев М |
3 | Ак-Дөбө айылы | Ак-Дөбө айылынын мадият үйү | 20.10.2022 Саат 10-00 | 1871 | 12 | Турдубек уулу М Байгазиев М. |
4 | Мундуз айылы | Мундуз айылынын мадият үйү | 21.10.2022 Саат 10-00 | 741 | 5 | Узакова А. Тынчыбеков А |
Төрагасы А.Тыныбеков
№2 тиркеме
Ак-Дөбө айылдык кенешинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы
№ 52- токтому менен бекитилди
Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушту тобунун курамы
№ | Жумушчу топтун төрагасы | |
• | Тыныбеков Айбек Базаркулович | Айылдык кеңештин төрагасы |
Жумушчу топтун катчысы | ||
• | Тариелова Эльза Тариеловна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, |
Жумушчу топтун мүчөлөрү | ||
• | Узакова Айнура Сулаймановна | Айылдык кенештин депутаты, |
• | Калыков Нурболот Калыкович | Айылдык кенештин депутаты, |
• | Казакбаев Улан Жекшенович | Айылдык кенештин депутаты, |
• | Турдубек уулу Мирлан | Айылдык кенештин депутаты, |
• | Темирбеков Тилек Темирбекович | Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси |
• | Токтомушов Акымбай Сатиндиевич | Тилекмат айылынын айыл башчысы |
• | Бегалиев Максат Намазович | Аң-ϴстөн айылынын айыл башчысы |
• | Байгазиев Марс Эсенгулович | Ак-Дөбө айылынын айыл башчысы |
• | Тынчыбеков Адилет Камчыбекович | Мундуз айылынын айыл башчысы |
Төрагасы А.Тыныбеков