Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын кезектүү сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 56
Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин финансы -экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Тыныбековдун наамына, айыл өкмөт башчысы М.Алиевдин наамына түшкөн кайрылуулардын жана жумуштун муктаждыгына байланыштуу 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысы М.Алиевдин сунуштарын угуп жана талкуулап Ак-Дөбө айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
• Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине 9 айынын жыйынтыгы менен өзгөртүлөр киргизилсин:
• Ак-Дөбө айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин камсыздандырууга жылына тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
• Ак-Дөбө айыл аймагынын Тилекмат, Ак-Дөбө, Аң-ϴстөн, Мундуз айылдарына 4 даана БИМ аппараты алынсын.
• Тилекмат айылынын стелласына деп каралган 1млн.сом иштин муктаждыгына байланыштуу жылдырылып, каралган иштерге жумшалсын:
-Аймагыбыздагы “Көк бөрү” улуттук оюндун катышуучуларына (улакчылар) форма алып берүүгө- 200000 (эки жүз миң) сом.
-Алтымышбаев мектебинин күрөш кружогуна – 100000 (жүз миң) сом.
-Тилекмат айылынын ички жолдоруна -700000 (жети жүз миң) сом менен бекитилсин.
• Ак-Дөбө айыл аймагындагы Ы.Сооронбаев, К.Байбеков, С.Давлетов, А.Алтымышбаев мектебинин техникалык жана ашкана кызматкерлерине атайын форма алынып берилсин. Жергиликтүү бюджеттен сметасына жараша акча каражаты бөлүнсүн.
• Аң-ϴстөн айылынын Ы.Сооронбаев мектебине келген компьютерлерди интернетке туташтырууга жергиликтүү бюджеттен керектүү материалдары алып, туташтырылып берилсин.
• “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду аркылуу үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имараты, мечит медресеси менен учурда курулуп, иш жүрүп жаткандыгына байланыштуу, иштеген адамдарга эртең мененки жана кечки тамагын уюштуруп берүүгө жана ачылыш аземине деп жергиликтүү бюджеттен 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
• Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.А Алиевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Б.Имангазиевага акча каражатын максаттуу чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.
• Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Баямановко жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке тапшырылсын.
Төрага | А.Тыныбеков |